АКШ аба күчтөрүнүн өкүлү Фернанд Эстрелл 8-апрелде америкалык аскерий учактар Пакистан менен чектеш Пактия провинциясына аба соккуларын жасаганын маалымдады.
Пактия провинциясынын полиция башчысы Зоравар Захид набыт болгондордун бардыгы согушкерлер экенин билдирди. Ал тапта башка жергиликтүү жетекчилердин бири набыт кеткендер согушкерлер эмес, жай тургундар экенин, алардын арасында уруу башчысы да бар экенин айтты.
“Мен окуя болгон аймактан болом. Мен баары жай тургундар экенин ырастай алам”, - деди аймактык кеңештин жетекчи орун басары Ниматулла Бабури.
Кеңештин дагы бир мүчөсү Фазал Рахман Катавазай аба соккулардан мерт болгондордун арасында жай тургундар бар экенин ырастады.
Соңку бир нече айдан бери Ооганстандын чыгышындагы Пакистан менен чектеш аймакта АКШ аба күчтөрүнүн соккулары кескин өстү.