Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Америкалык ракета-алып жүрүүчү океандагы платформага конду


"Falcon-9" аттуу ракета-алып жүрүүчү
"Falcon-9" аттуу ракета-алып жүрүүчү

Орбитага жүк ташыган космостук көлүктү чыгарууга жардам берген "Falcon-9" аттуу ракета-алып жүрүүчү алгачкы ирет океандагы сүзүп жүргөн платформага ийгиликтүү кондурулду.

Бул ракетаны миллиардер Илон Маскка тиешелүү Space X компаниясы чыгарган. Компания көп ирет пайдаланылчу ракета-алып жүрүүчүлөрдү чыгаруу менен космостук аппараттардын баасын төмөндөтүү жагын караштарып жатат.

Жүк ташуучу Dragon көлүгү эл аралык станцияга илимий тажрыйбалар үчүн аппаратура жана азык-түлүктөн тышкары үйлөтмө модуль жеткирет. Модулга аба толтуруп, ал орбиталык станцияга чиркелет. Муну менен мындай механизмдер келечекте космостук аванпосттордун ролун аткара алары изилденет. Модулду иштеп чыккан Bigelow Airspace компаниясы бул аппарат коммерциялык компания жана илимий борборлор тарабынан пайдаланылышы мүмкүн деп үмүттөнөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG