Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

“Дордойдун" соодагерлери “Хоргос” базарына агылууда


"Дордой" базары
"Дордой" базары

Кыргыз соодагерлери Кытайга виза алуу оор болуп, бажы төлөмдөрү кымбаттаганы ал жактан товарды түз алып келүү кымбат болуп жатканын билдирүүдө.

Мындан улам алар казак-кытай чек арасындагы “Хоргос” базарына келүүдө. Базарда сатуучулар негизинен кытай жарандары, алуучулардын басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар менен казакстандыктар. Кытай менен Казакстандын чек арасындагы "Хоргос" ири дүң базары былтыр ачылган. Анын ишке кирүүсү менен кытай товарлары Алматыга арзан келип жатканы айтылган. Мындан улам эксперттер Казакстандагы сооданын жүрүшү мурункудан эселеп көбөйүп, ал эми Кыргызстандагы "Дордой" менен "Кара-Суу" базарындагы сооданын таптакыр токтоп калуу коркунучу бардыгын эскертип келишет.(AzK/ZKo)

XS
SM
MD
LG