Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

13 жаштагы Айганыштын өлүмү боюнча корутунду бир ай ичинде берилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев билдирди. Анын айтымында, өспүрүм кыздын өлүмү боюнча комплекстүү экспертиза дайындалган жана ал боюнча акыркы корутунду бир ай ичинде белгилүү болот. Ошондо Айганыштын өлүмүнүн себеби так аныкталат.

4-январда дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Айганыштын сөөгү 3-апрелде табылган. Алдын ала маалымат боюнча ал суукка тоңуп өлгөн болушу мүмкүн.

Төрт баланын улуусу Айганышты апасы бала багып, акча табуу үчүн Екатеринбургдагы тааныштарына 2014-жылы июнда жиберген. Атасы түрмөдө болгондуктан апасы Айганыш салган акча менен насыясын төлөп келген. Кыздын сөөгү 6-апрелде өзү туулуп-өскөн Өзгөн районунун Мырзаке айылында жерге берилди. (AzK)

XS
SM
MD
LG