Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Жол курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссия бүгүн чогулат


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызстан” фракциясынын басма сөз катчысы Айнура Аскарова билдирди.

Балыкчы – Корумду жана Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жол курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссиянын 8-апрелдеги жыйыны болбой калып, ал 12-апрелге жылган. Буга комиссия төрагасы Кубанычбек Жумалиевдин “материалдар жетиштүү эмес” деген сөзү негиз болгон. 8-апрелде комиссия мүчөлөрү өкмөт башчы Темир Сариев жана транспорт министринин орун басары Улан Уезбаевдин маалыматын угушу керек эле.

Балыкчы – Корумду жана Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жол курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссиянын буга чейинки отурумдарында транспорт министри Аргынбек Малабаев эки жолу катышып, ал тендердеги мыйзам бузууга премьер-министр Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгонун айткан.

104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы уткан.(AzK)

XS
SM
MD
LG