Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Париждеги террордук кол салууга катышы бар делген шектүү камалды


Өткөн жылы Парижде жана өткөн айда Брюсселде болгон жардырууларга катыштыгы бар деп шектелип, издөөдө жүргөн жаран Мохаммед Абрини 8-апрелде Брюсселде полициянын рейди учурунда колго түштү.

Белгиялык маалымат каражаттарынын билдиришинче, 31 жаштагы Абрини 22-мартта аэропорттун видеокамерасына түшүп калган эки жанкечтинин жанында турган шляпачан адам болушу мүмкүн. Эгер бул маалымат такталса, Абрининин камалышы белгиялык коопсуздук кызматтарынын ийгиликтүү ишинин көрсөткүчү болот. Бельгияда жашаган жоочулар тарабынан Парижде жасалган теракттардан кийин коопсуздук кызматтары өлкө ичинде да, сыртында да катуу сынга кабылган.

Парижде 13-ноябрда болгон теракт 130 кишинин өмүрүн алган. 22-мартта Бельгиядагы 32 кишинин өмүрүн алган жарылууда үч жанкечти өлүп, бирөө качып кеткен. (AzK)

XS
SM
MD
LG