Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Жол курулушундагы мыйзам бузуу маселеси парламентте каралат


“Азаттыкка” өкмөттөн кабарлашкандай, маселени парламенттин пленардык жыйынында кароо чечимин бүгүн чогулган депутаттык комиссия кабыл алды. Келе жаткан аптанын шаршемби күнкү парламент жыйынында премьер-министр Темир Сариевди отставкага кетирүү маселеси дагы карала турган болду. Бүгүнкү депутаттык комиссиянын жыйынында “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев азырынча премьер-министрликке ат салышпай турганын расмий билдирди.

Балыкчы – Корумду жана Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жол курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссиянын буга чейинки отурумдарында транспорт министри Аргынбек Малабаев эки жолу катышып, ал тендердеги мыйзам бузууда премьер-министр Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгонун айткан.

8-апрелде комиссия мүчөлөрү өкмөт башчы Темир Сариев жана транспорт министринин орун басары Улан Уезбаевдин маалыматын угушу керек болчу. Бирок жыйын өтпөй калган.

104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы уткан.(AzK)

XS
SM
MD
LG