Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

Ереван ЕАЭБ саммитинин болбой калышына Астананы айыптады


Армениянын президенти Серж Саргсян жана орус премьери Дмитрий Медведев
Армениянын президенти Серж Саргсян жана орус премьери Дмитрий Медведев

Ереван Астананы Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитине катышуудан баш тартуусун айыптап, муну менен Астана Азербайжанга колдоо көрсөтүп, Оруcия башында турган биримдикке доо кетиргенин билдирди. Бул туурасында "Азаттыктын" армян кызматы жазды.

Биримдиктин мүчөлөрү - Орусия, Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандын премьер-министрлеринин жолугушуусу 8-апрелге белгиленген. Бирок жыйын казак премьери Карим Масимовдун Ереванга баруудан баш тартып, саммитти Москвада өткөрүүнү сунуштаганынан улам болбой калды.

Армениянын президенти Серж Саргсян бул маселени бейшемби күнү Ереванда орус премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушууда көтөрүп, Астана мындай кадамы менен уюмдун кадыр- баркына шек келтиргенин белгиледи.

Ушул тапта уюмда төрагалык кылып жаткан Казакстан өз позициясы боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. Байкоочулар тил жана маданий жактан Азербайжан менен тыгыз байланыштагы Казакстан Тоолуу Карабактагы кырдаалдан улам саммиттин ордун өзгөртүүнү сунуштаганын, антпесе казак делегациясынын Ереванга баруусу бул жаңжалда Арменияны колдогондой кабыл алынмагын белгилеп жатышат.

Дмитрий Медведев жолугушууну ушул жылдын аягында Ереванда өткөрүүнү сунуштарын билдирди.

Бул арада орус президенти Владимир Путин менен казак президенти Нурсултан Назарбаев жума күнү телефон аркылуу сүйлөшүп, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын тартибин талкуулашканын Кремль маалымдады. (AzK)

XS
SM
MD
LG