Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:45

Торугартта токтоп турган автоунаалар коё берилди


Торугартта токтогон автоунаалар
Торугартта токтогон автоунаалар

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Салмак-габариттик көзөмөл департаментинин директору Эмилбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ашыкча жүгү үчүн токтоп турган жүздөн ашык автоунаанын айдоочулары менен жолугуп, алардын талабын өкмөткө жеткирерин убада кылып коё берди.

Кечээ 8-апрелде Кытайдан жүк тартып келе жаткан 100дөн ашык автоунаанын айдоочулары Ат-Башы районунун аймагындагы таразага тартуу пунктунан өтүүгө үч күндөн бери уруксат берилбей жатканына нааразылык билдирип чогулган болчу.

Айдоочулар 2012-жылы чыккан өкмөт токтомуна макул эместигин билдирип, айып төлөөдөн баш тартышкан. Жолугушууга келген транспорт министрлигинин өкүлүнүн жообуна канааттанбаган айдоочулар Жогорку Кеңештин депутаттары келишин талап кылышкан. Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан бул тараза өткөрүү бекетине жаңы тараза бир ай мурун коюлган. Андан бери оор жүк ташуучуларга ашыкча жүккө тыюу салынары тууралуу бир канча жолу эскертүү берилген. (MiK)

XS
SM
MD
LG