Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Бельгиянын прокуратурасы Мохамед Абриниге айып койду


Кечээ прокуратура Абрини Брюсселдин аэропортунда март айындагы жарылуу болгон күнү видеокамерага түшүп калган эки жангечтинин жанында турган шлаяпачан адам экендиги аныкталганын билдирди.
Кечээ прокуратура Абрини Брюсселдин аэропортунда март айындагы жарылуу болгон күнү видеокамерага түшүп калган эки жангечтинин жанында турган шлаяпачан адам экендиги аныкталганын билдирди.

Өткөн жылы Париждеги терактты иликтөөнүн алкагында камакка алынган Мохамед Абриниге адам өлтүрүү жана террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан деген айып коюлууда.

Кечээ прокуратура Абрини Брюсселдин аэропортунда март айындагы жарылуу болгон күнү видеокамерага түшүп калган эки жангечтинин жанында турган шлаяпачан адам экендиги аныкталганын билдирди. Жума күнү рейд учурунда кармалган Абрини Париждеги теракт үчүн изделип жаткан акыркы шектүү болчу. Ал теракт 130 кишинин өмүрүн алган.

Мындан тышкары ишемби күнү теракт үчүн швециялык Осама Крайемге айып коюлду. Ал да Брюсселдеги жарылууда метродо жүргөнү байкалган.

Мындан тышкары Бельгиянын күч түзүмдөрү Брюсселде 22-марттагы жардырууларга тиешеси бар деп шектелген алты жаранды кармашкан. Ал күнү үч жанкечтинин өзүн-өзү жардыруусунан 32 киши каза болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG