Аскерлер Басилан аралындагы “Абу Сайяф” тобуна каршы операция жүргүзүп жатып, буктурмага кабылышкан. Атышуу учурунда беш жоочу өлгөнү кабарланууда.
Франс-пресс агенттигинин маалымдашынча, кагылышууда 100гө чукул жоочу катышкан. Ушул тапта төрт филиппиндик аскердин башы алынганы айтылууда.
Буга чейин АКШ бул топтун башчысы Иснилон Хапилондун жүргөн жери туурасында маалым бергендерге 5 миллион доллар төлөп берүүнү убада кылган. “Абу Сайяф” “Аль-Каида” менен байланышы бар топ жана ал Филиппиндин түштүк тарабында жайгашкан. Март айынын соңунда бул топ кемеге кол салып, анын ондой экипаж мүчөсүн уурдап кеткен. (AzK)