Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:23

Стамбулдагы жарылуудан үч киши жеңил жарат алды


Бомба автобус токтоочу аялдаманын жанында жарылган. Жарылуу эл жыш жайгашкан шаардын европа бөлүгүндө болду. Азырынча мунун артында ким тургандыгы жөнүндө маалымат айтыла элек.

Буга чейин АКШнын Түркиядагы элчилиги америкалык жарандарды өзгөчө Стамбулда жана Анталия курортунда сак болууга чакырган эле.

Түркияны ушул тапта тооруган коркунучтар көп. Анкара Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшүп жаткан, АКШ жетектеген эл аралык коалицияга катышууда.

Түркия өкмөтү муну менен катар өлкөнүн түштүк-чыгышындагы күрт жоочулары менен да согушуп жатат. Ал жерде ок атууну токтотуу режими өткөн жылдын июль айында бузулуп, артынан зомбулуктун толкунун алып келген. 2016-жылы бул өлкө 4 жолу жанкечтинин чабуулуна кабылды. Алардын экөө үчүн “Ислам мамлекети”, калганы экөө үчүн күрт жоочулары жоопкерчилик алышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG