Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Т.Сариев: Кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын лицензиясы бар


Темир Сариев
Темир Сариев

Премьер-министр Темир Сариевдин билдиргенине караганда, Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол-чарба департаменти аталган компаниянын нотариус менен тастыкталган, котормосу бар лицензиясын көрсөткөн. Алардын маалыматында “Лонг Хай” компаниясы жол жана көпүрө куруу боюнча ири компания болуп саналат. Сариев Кытай соңку 20 жыл ичинде автоунаа жана темир жол курулуштары боюнча жогорку технология жана мыкты сапаты менен дүйнөдө биринчи орунду ээлеп келе жатканын белгилеп, депутаттык комиссиянын аталган компаниянын лицензиясы жок экен деген маалыматын четке какты. Бул тууралуу бүгүн Темир Сариев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

104 чакырымды түзгөн “Балыкчы – Корумду” автожолун оңдоого бюджеттен 6,8 млрд сом бөлүнгөн. Тендерди “Лонг хай” кытай компаниясы уткан.

Буга чейин Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы мыйзамсыз утканын депутаттык комиссия жарыялаган. Бул тендердин тегерегиндеги маселеден улам депутаттар өкмөттүн отставкага кетүүсүн да талап кылышууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG