Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Сенатор Берни Сандерс Хиллари Клинтонду дагы бир жолу утту


Сенатор Берни Сандерс жана Хиллари Клинтон
Сенатор Берни Сандерс жана Хиллари Клинтон

АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкерлерди шайлоодо сенатор Берни Сандертин Вайомингде жеңишке жетти. Муну менен сенатор акыркы сегиз штатта өткөн праймериздин жетисинде Хиллари Клинтонду артка калтырды.

Ошентсе да Клинтон азырынча Демократиялык партиядан талапкер болуу укугу үчүн жарышта жеңүүчү бойдон калууда. Бирок Сандерстин Вашингтон, Аляска, Айдахо, Юта, Гавайи жана Висконсиндеги акыркы жеңиштери Клинтондун либералдык делегаттар арасында колдоосу азайып баратканын көрсөтөт деп жазат New York Times.

Республикачылардын арасынан Тед Круз Колорадо штатында жеңишке жетип, Дональд Трамптан артта калган аралыгын кыскарткандай болду.

Расмий түрдө Республикачылардан президенттикке талапкер Кливлендде 18-21-июлда партиянын съездинде жарыяланат, Демократтардыкы Филадельфияда 25-28-июлда белгилүү болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG