Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Террорчулар Францияда теракт уюштурууну көздөп, бирок Брюсселди бутага алышкан


Бельгиянын коопсуздук күчтөрү.
Бельгиянын коопсуздук күчтөрү.

Террорчулардын Брюсселде жайгашкан уюшмасы кайрадан Францияда чабуулдарды уюштурууну көздөп, бирок француз полициясы тергөөнү ылдам жүргүзгөндүктөн, Брюсселди бутага алышкан. Бул тууралуу Бельгия прокуратурасы билдирди.

Тергөөчүлөр Брюсселдеги кол салуулар менен былтыр ноябрда теракттарды уюштурган топтор ортосундагы байланыштарды аныкташты. 9-апрелде Бельгияда баш калаадагы жардырууларга тиешеси бар делген 4 кишиге террорчулук боюнча айып тагылды. Алардын бирөө Мохамед Абрини 130 кишинин өмүрүн кыйган Париждеги теракттарга да катышкан деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG