Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Хоккей: "Азия чакырыгы" кубогунун экинчи турунда Кыргызстан Катарды утту


Бишкекте өтүп жаткан хоккей боюнча "Азия чакырыгы" кубогунун экинчи турунда Кыргызстан Катар курамасын 9:0 эсебинде утту.

Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов "Азаттыкка" билдиргендей мелдеш 10-апрелде Бишкектеги шаардык музмайданда өттү.

Бул күнү Индия менен Макао курамалары да беттешип негизги жана кошумча берилген убакытта жеңүүчү аныкталбай, булитте 7:6 эсебинде макаолуктар жеңишке жетти.

"Азия чакырыгы" кубогунун оюндары 9-апрелде Бишкекте башталды. Ага Макао, Индия, Малайзия, Катар жана Кыргызстандын улуттук курама командалары катышууда.

Мелдештин алгачкы күнүндө кыргыз хоккейчилери индиялыктарды 11:1 эсебинде уткан.

Эки турдагы оюндардан кийин Кыргызстан курамасы көч башында келе жатат.

“Азия чакырыгы” кубогунун 2014-жылдагы оюндары Бишкекте өтүп, финалда Кыргызстан курамасы Макаого аз гана айырма менен, 5:4 эсебинде утулуп калган эле. Былтыр Кувейтте болгон мелдеште коло медаль тагынышкан.

Бул кубоктун жеңүүчүсү Азия чөлкөмүндөгү курамалар арасында топ дивизиондо ойноого мүмкүнчүлүк алат.

Бүгүн, 11- апрелде 15:30 Макао — Катар, 19:00 Кыргызстан — Малайзия, 13- апрелде 15:30 Малайзия — Макао, 19:00 Индия — Катар, 14- апрелде 15:30 Малайзия — Индия, 19:00 Макао — Кыргызстан командалары беттешет. (ECh)

XS
SM
MD
LG