Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

ӨКМ: Соңку жер титирөөлөрдөн Кыргызстан жабыркаган жок


Соңку эки күндө болгон жер титирөөлөрдөн Кыргызстан жабыркаган жок. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Кечээ, 10-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:28де очогунда 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Силкинүүнүн очогу Ооганстан менен Пакистандын чек арасында, Баткен шаарынан түштүк-батышты карай 405 чакырымда болду. Кыргызстандын түштүк аймагында титирөө 4 баллга чейин сезилди.

9-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:19да кыргыз-тажик чек арасында, Алай районундагы Бор-Дөбө айылынан чыгышты карай 15 чакырымда 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бор-Дөбөнүн өзүндө 6 балл, Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 5, Нура, Эркеч-Тамда 4,5, Талды-Суу, Арча-Булакта 4, Сопу-Коргондо 3 балл сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык кыйроолор жана жабыркагандар жок. (RK)

XS
SM
MD
LG