Бул күндөрү Бишкекте мектеп окуучулар арасында жаш таланттар сынагы өтүп жатат. Эң мыктылар 19-апрелде Улуттук филармониянын чоң залында өтүүчү гала-концертке катышат.
«Талантым сага арналат, Кыргызстан!» деген аталыш менен уюштурулуп жаткан өнөр таймашы быйылкы Тарых жана маданият жылына арналууда.
Өткөн апта соңунда Ленин жана Свердлов райондорунда жайгашкан мектептерде окуган 40тан ашуун бала сынакка катышып, татыктуулары тандалып алынды.
Ал эми бүгүн жана эртең Биринчи Май, Октябрь райондору боюнча сынак өтөт. (RK)