Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Кыргызстан Орусиянын курулуш рыногуна чыгууну көздөөдө


Кыргызстандын курулуш компаниялары Орусия рыногуна чыгууну көздөөдө. Учурда бул багытта баштапкы сүйлөшүүлөр жүрө баштаганын “Азаттыкка” ЖИА ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек билдирди. Анын айтымында, өткөн аптада Бишкекте «Евразиялык экономикалык келечек» форумунун алкагында орус парламентинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, кыргызстандык компаниялар Орусияда турак жай, социалдык объекттерди куруу боюнча тендерлерге катышуу укугун алса болору айтылды.

Бирок, Руслан Акматбектин белгилешинче, айрым тобокелдиктер да болушу ыктымал:

- Кээ бир тобокелчиликтер бар. Ошолорду жоюш керек. Заказды аткарып, бирок кийин укуктук жактан корголбой калышы ыктымал. Биз кепилдик алайлы деп жатабыз. Ал үчүн Соода-өнөр жай палаталарынын деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп, кандайдыр бир меморандум кабыл алынып, эки тараптуу кызыкдарлык жарыяланып, ошондон кийин иш баштасак болчудай.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 200дөй курулуш компаниясы бар. (RK)

XS
SM
MD
LG