Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Базарбаев: Эмгек инспекторлору талаптагыдан беш эсе аз


Кыргызстанда эмгек инспекторлорунун саны талаптагыдан 5 эсе аз. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Москвада эл аралык Эмгек уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Министрдин белгилешинче, эл аралык нормативдер боюнча бир мамлекеттик эмгек инспектору 15 миң жумушчу-кызматкер боюнча иш алып баруусу шарт. Бул ага бир мекеме-ишкананы беш жыл сайын текшерип турууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул норма боюнча эсептегенде Кыргызстанда 125 инспектор иштеши керек. Ал эми учурда алардын саны 27 гана адам.

Соңку кезде курулушта, жеңил өнөр жайында эмгек коопсуздугунун эрежелери сакталбаганына байланыштуу жумушчулар өмүрүнөн ажыраган окуялар көп каттала баштаганын серепчилер айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG