Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Өспүрүмдүн зордукталышы боюнча иш Жогорку Сотто каралат


Таласта өспүрүм кыздын зордукталышына айыпталып жаткан Эрлан Доленовдун иши бүгүн Жогорку Сотто каралат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Сот отуруму жабык өтөт.

Бакай-Ата райондук сотуна былтыр июль айында Рахима Айкымбаева кайрылган. Ал иниси менен келини ажырашып кетип, алардын кызы, 14 жаштагы Айгеримди кичинесинен багып келатканын, бир нече жылдан бери өспүрүм кыз жакын тууганы, 30 жаштагы Доленовдун сексуалдык кордугуна кабылып келатканы аныкталганын айтып берген.

Териштирүү учурунда кошуналары жана жакындары Доленовдон мындай зөөкүрлүктү күтпөгөнүн, намазга үзбөй барып жүргөн, ата-энесине кайрымдуу жаран катары таанырын айтып беришкен.

Бирок кылмышкер күнөөсүн толугу бойдон моюнуна алган.

Райондук сот Доленовду күнөөлүү деп таап, эки жылга шартуу түрдө соттогон. Кийин Талас облустук соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Жабыркаган тарап өкүм өтө жумшак болуп калганын айтып Жогорку Сотко кайрылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG