Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Красноярскиде “Кыргыз Периси-2016” сынагы өттү


Сынактан көз ирмем.
Сынактан көз ирмем.

Сибир Федералдык университети кыргыз кыздарынын арасынан чырайлуу жана таланттуу кыздарды төртүнчү жолу тандады. Сынакка Орусиянын Красноярск аймагындагы 16-25 жаштагы кыргыз кыздары катышты. Алдын ала тандоодо 6 кыз финалдык сынакка жолдомо алышкан.

“Замандаш” ассоциациясынын билдиришкендей, сынакта кыздар өздөрүн кыргыз жана орус тилде тааныштырып, кыргыздын атактуу инсандары тууралуу видеоролик даярдап, ыр, бий жана комузда ойноо боюнча жарышты. Конкурстун бүйүр кызыткан жери кыздардын улуттук кийимде чыккан учуру болду.

Сынактын жыйынтыгында Сибир Федералдык университетинин студенти Акмарал Ранова жеңүүчү аталып, 15 миң рубль байгеге ээ болду. (SDz)

XS
SM
MD
LG