Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, жер титирөө орун алган соң дароо Пакистандагы Кыргызстандын консулдук бөлүмү тактоо иштерин баштаган. Учурда кыргызстандыктардын жабыркагандыгы тууралуу маалыматтар жок.
Кечээ 10-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 15:31де Пакистанда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Эң көп жабыркагандар Пакистандын Хайбер-Пахтунхва жана Гилгит-Балтистан аймактарында катталып, жүздөгөн адамдар ооруканага жаткырылган. (SDz)