Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Депутат Тилектеш Исаев кызматтык батирден баш тартты


Ушул жумада КСДП фракциясынын катчылыгы депутаттарга берилген кызматтык батирлерге байланыштуу жагдайды иликтөөнү баштады. Билдирүүдө айтылгандай, эл өкүлдөрүнүн жеңилдик жана артыкчылыктарга байланыштуу бардык чечимдер моралдык, этикалык нормаларга ылайык келип, партиянын беделине зыянын тийгизбеши керек.

Натыйжада депутат Тилектеш Исаев кызматтык батирден баш тартуу боюнча арызын жазып, жакынкы күндөрү батирди бошотуп берерин билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңеш депутаттарынын 16сы кызматтык батирде жашап жатканы айтылып, алардын 12си КСДП фракциясынан экени маалым болгон. Бул билдирүү жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, бийликчил фракция шайлоо алдында айткан убадаларына турбай жатканы сынга алынган.

КСДП фракциясынан депутат Тилектеш Исаев буга чейин эл аралык “Манас” аэропортунда май куюучу комплексти, ири “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ишканасын жетектеген. (SDz)

XS
SM
MD
LG