Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

Президент Атамбаев Индия элине көңүл айтты


10-апрелде Индиянын Керала штатында сыйынуучу жерден чыккан өрт 100дөн ашык кишинин өмүрүн жалмап, дагы 200дөй киши жарат алган.
10-апрелде Индиянын Керала штатында сыйынуучу жерден чыккан өрт 100дөн ашык кишинин өмүрүн жалмап, дагы 200дөй киши жарат алган.

Алмазбек Атамбаев Индиянын президенти менен премьер-министрине Керала штатындагы өрткө байланыштуу көӊүл айтты.

Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен кайрат айтып, бул каргашадан жабыр тарткандардын бардыгы тез арада сакайып кетсин деген тилегин билдирди.

10-апрелде Индиянын Керала штатында сыйынуучу жерден чыккан өрт 100дөн ашык кишинин өмүрүн жалмап, дагы 200дөй киши жарат алган. Маалыматтарга караганда, өрт индуисттик фестивалда колдонууга пландалган пиротехника сакталган кампадагы жарылуудан чыккан. Өрт храмды толугу менен жок кылды. (SDz)

XS
SM
MD
LG