Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Бүгүн өкмөттүн кезексиз жыйынында Сариев билдирүү жасайт


Темир Сариев
Темир Сариев

Премьер-министр Темир Сариев баштаган кыргыз өкмөтү бүгүн кезексиз жыйын курат. Анда Сариев соңку күндөрү анын ишине байланыштуу айтылып жаткан дооматтар боюнча атайын билдирүү менен чыгат. Бул тууралуу ал кечээ өзүнүн Facebook баракчасына жазган эле.

Өкмөт башчынын катышуусундагы чоң жыйын бүгүн саат 3тө өтөөрү кабарланды.

Ишемби, 9-апрелде Бишкек – “Манас” аэропорту жана Балыкчы – Корумду унаа жолдорунун курулушу боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия жабык жыйынында Темир Сариевди кызматтан алыш керек деген чечим кабыл алган.

Ал эми премьер-министр өзү бул тыянакты негизсиз жана калыс эмес деп баалаган. Анын белгилешинче, шашылыш чогула калган комиссия эң негизги аргументтерди укпастан, саясий чечим чыгара салганы туура эмес. (SDz)

XS
SM
MD
LG