Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Өкмөт башчылыкка Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги каралууда


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

“Азаттыкка” өз булактары кабарлагандай, премьер-министр Темир Сариевдин ордуна президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, Ош облусунун мурдагы губернатору Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги каралып жатат.

Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бир тууган ага-ини, кызматтык этикага ылайык парламент спикери өз ордун өткөрүп берери айтылууда. Мындан улам парламент төрагалыгына КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун жана ушул эле фракциянын депутаты, мурдагы Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун талапкерилиги талкууланып жатканын өз булактарыбыз кабарлайт.

Бүгүн Темир Сариев башында турган кыргыз өкмөтү түшкү саат үчтө кезексиз жыйынга чогулат. Анда Сариев соңку күндөрү өз ишмердүүлүгүнө байланыштуу айтылып жаткан дооматтар боюнча атайын билдирүү менен чыгат. (SDz)

XS
SM
MD
LG