Нурсултан Назарбаев бүгүн Тегеранда башталып жаткан сапары учурунда Иран президенти менен соода, инвестиция, айыл-чарба, транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулайт.
Казак президентинин кеңсеси билдиргендей, иш сапардын учурунда 40тан ашуун макулдашууга кол коюлары күтүлүүдө.
2015-жылдын жыйынтыгында Казакстан менен Иран ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү 635 миллион долларды түзгөн.
Ирандан соң Нурсултан Назарбаев 13-14-апрелдеТүркияга барып, президент Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана Ислам кызматташтыгы уюмунун саммитине катышат.
Түркиядан кийин казак президентинин 15-апрелде Өзбекстанга иш сапары мерчемделген. (UE)