Азыркы премьер-министр Арсений Яценюктун кызматтан кетип жатышы менен Украинада өкмөт кайра түзүлүп, өлкө акыркы эки жылдагы эң ири саясий кризистен чыгышына да жол ачылууда.
Бир нече аптага созулган кысымдан кийин ценюк премьерликтен кетүүгө даярдыгын кечээ ачыктап, бирок анын партиясы президент Порошенконун партиясы менен кайра түзүлүүчү коалицияда каларын ачыктады.
Яценюк премьерликтен кетүү арызын парламентке расмий эртең бергени жатат.
Ал эми өкмөт башчылыкка Порошенконун партиясы парламенттин азыркы төрагасы Владимир Гройсманды көргөзгөн. Гройсманды премьерликке украин парламенти эртең эле бекитиши мүмкүн.
Президент Порошенконун билдиргенине караганда, ал жакында Вашингтондогу сапары учурунда жаңы өкмөттүн түзүлүшү менен Украина Эл аралык валюта корунун миллиарддаган доллардык насыясынын кезектеги бөлүгүн ала баштай турганын макулдашып кайткан. (UE)