Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Дүйнөдө жолборстордун саны алгачкы ирет көбөйдү


Жолборстун Сибирдеги түрү. 22-январь, 2016-жылы тартылган сүрөт.
Жолборстун Сибирдеги түрү. 22-январь, 2016-жылы тартылган сүрөт.

Бул тууралуу Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк кору билдирди. Алардын маалыматына караганда, жолборстордун саны акыркы 100 жылда алгачкы ирет өскөнүн Орусиядан тартып, Индияга чейинки токойлордо жүргүзүлгөн санактан улам билинди.

Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк кору 10-апрелдеги билдирүүсүндө белгилегендей, 2014-жылдан бери улуттук өкмөттөр жүргүзгөн жана глобалдык эсеп жолборстордун саны 3890го жеткенин көргөздү. Булардын 433ү Сибирдин токойлорунда жүрөт.

Буга чейин акыркы ирет 2010-жылы жүргүзүлгөн санак дүйнөдө болгону 3200 жолборс бардыгын аныктаган.

Жаңы санактын жыйынтыктары илбирстердин саны 2010-жылдан 2022-жылга чейин эки эсеге көбөйтүү программасы үстүндө иштеп жаткан 13 өлкөнүн министрлери атайын жыйынга чогулар алдында жарыяланды.

Жолборстордун санын азайышы жапайы жаныбардын жашоо чөйрөсүнүн жогорлушу жана анын дене бөлүктөрүн сатууну максат кылган браконьерлердин аракети менен түшүндүрүлүп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG