Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Темир Сариев: Аткарылбай калган иштер үчүн элимден кечирим сурайм


Темир Сариев
Темир Сариев

Бүгүн өкмөттүн кезексиз жыйынында кызматынан кеткенин жарыялаган Темир Сариев элден кечирим сурады.

- Өзүмдүн бардык тажрыйбамды, билимимди жумшадым. Албетте, баарыбыз биргеликте көп нерсени ишке ашырдык. Бирок аткарылбай калган иштер үчүн, акталбай калган айрым үмүттөр үчүн элимден кечирим сурайм, - деди Сариев.

9-апрелде Бишкек – “Манас” аэропорту жана Балыкчы – Корумду унаа жолдорунун курулушу боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия жабык жыйынында Темир Сариевди кызматтан алыш керек деген чечим кабыл алган. Ал эми Сариев өзү бул тыянакты негизсиз жана калыс эмес деп баалаган болчу.

XS
SM
MD
LG