Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Ошто адвокаттар прокурорго каршы митингге чыкты


Митинг учурунан көрүнүш
Митинг учурунан көрүнүш

Бүгүн Ош шаарында адвокаттар шаардык прокуратуранын кызматкери Атай Шакир уулун кызматтан кетирүү талабы менен прокуратура имаратынын алдында митинг өткөрүштү. Ош шаардык адвокаттар бирикмесинин төрагасы Немат Катагановдун аймактык кабарчыбызга билдиришинче, прокурор Атай Шакир уулу жактоочуларга такай басым көрсөтүп жүрөт. Андан тышкары адвокаттарды коркуткан учурлар да катталганын Катаганов кошумчалады.

Өзүн тааныштыруудан баш тарткан шаардык прокуратуранын дагы бир кызматкери митингчилерге чыгып, бул маселе Башкы прокуратуранын деңгээлинде каралып жатканын айткандан кийин митингчилер тарап кетишти. (YI)

XS
SM
MD
LG