Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Президент Сариевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды


Темир Сариев
Темир Сариев

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Баш мыйзамга ылайык, премьер-министрдин арызы кабыл алынган кезде өкмөт толугу менен кызматынан кетет.

Ошол эле кезде отставкага кеткен өкмөт жаңы министрлер кабинети куралганга чейин милдетин аткара берет. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, президенттин жарлыгы кол койгон учурдан баштап күчүнө кирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG