Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Хоккей: "Азия чакырыгы" кубогунда Кыргызстан Малайзияны 9:5 эсебинде утту


Бишкекте өтүп жаткан хоккей боюнча "Азия чакырыгы" кубогунун оюндарынын 3-турунда кыргыз хоккейчилери малайзиялык атаандаштарын 9:5 эсебинде утуп алды.

Оюндун биринчи бөлүгүндө кыргыз тарап 3:1 менен алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө мелдеш кожоюндары бир шайбаны атаандаш дарбазасына киргизүүгө үлгүрүштү. Үчүнчү бөлүктө кырдаал өзгөрүп, малайзиялыктар төрт шайбаны кыргызстандыктардын дарбазасына узатууга жетишти.

Өз кезегинде кыргызстандык хоккейчилер беш шайбаны атаандаш дарбазасына ийгиликтүү багыттоо менен артыкчылыгын бекемдеп, 9:5 эсебинде жеңишти камсыздашты.

Буга чейин Кыргызстандын улуттук курама командасы Индияны 11:1, Катарды 9:0 эсебинде уткан.

3 турдагы оюндардан кийин Кыргызстан көч башында келе жатат.

Алдыда 13-апрелде Кыргызстан менен Макао курамалары ойнойт.

"Азия чакырыгы" кубогунун оюндары Бишкекте экинчи жолу өтүп жатат.

2014-жылы Бишкекте болгон мелдештин финалында Кыргызстан Макаого 5:4 эсебинде утулуп күмүш медаль тагынган. Былтыр Кувейтте болгон мелдеште коло байгени алышкан.

Мелдештин жеңүүчүсү Азия чөлкөмүндөгү командалар арасында топ дивизиондо ойноого жолдомо алат. (ECh)

XS
SM
MD
LG