Пара алып жаткан жеринен кармалып каза болду деген жаран, Медициналык академиянын аппарат башчысы, маркум Абдикерим Гапаровдун жакындары Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүлөрүн четке кагууда. Бүгүн алар Бишкекте маалымат жыйын куруп, окуя боюнча өз пикирин айтат.
УКМК Гапаров 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү кармап каза болгонун билдирген.
Кийин Аскер прокуратурасы өлүмгө дуушар кылган атайын операция боюнча кылмыш иш козгогон. Ал эми Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаков өз ыктыяры менен жумушунан бошонгон. (RK)