Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Токтогулдун тургундары электрди арзандатууну талап кылууда


Токтогул районунун тургундары электр тарифин төмөндөтүүнү талап кылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү активист Миргазы Өзүбеков билдирди. Айтымында, аймактагы алтын кенди иштетпөө талабы да бар.

Жергиликтүүлөрдүн атынан чогулгандар 15-апрелде райондун борборуна митингге чыгары кабарланды.

Алар Токтогул районуна электр энергияны ГЭСтен өндүрүлгөн баада берүү жана Чолпон-Ата айылындагы Узун-Акмат алтын кенин иштетпөө талаптарын айтканы жатат.

Буга чейин 18-мартта нааразылык акциясына чогулгандар бийликке бир айлык мөөнөт берген.

1998-жылы Токтогул районуна жана Жазы-Кечүү айылына өзгөчө статус берилген. Мыйзам 1999-жылдын январь айынан тарта күчүнө кирген. Анда "Токтогул жана Жазы-Кечүү айылдарынын тургундары менен аймактагы электр насостук станцияларына электр энергиясы ГЭСтен өндүрүлгөн баасында берилсин" деп жазылган.(RsK)

XS
SM
MD
LG