Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:58

Жарандык коом шайлоо көйгөлөрүн талкуулайт


4-октябрь, 2015-жыл
4-октябрь, 2015-жыл

Бүгүн Бишкекте шайлоо көйгөйлөрүн талкуулаган жыйын өтөт. «Добуштарды сатып алуу – Кыргызстандын келечегине коркунуч жаратууда!» деген аталыш менен уюштурулуп жаткан талкууну укук коргоочу Динара Ошурахунова алып барат.

Жыйынга Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери, депутаттар, президенттик аппараттын, прокуратуранын, ИИМ, соттордун, БШКнын, саясий партиялардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чакырылды.

27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Боршайком жалпысынан жараян адилет жана таза өткөнүн жарыялады, ал эми көз каранды эмес байкоочулар көпчүлүк аймактарда, өзгөчө Ош шаардык кеңешин шайлоодо одоно мыйзам бузуулар, добуш сатып алуу көп болгонун айтып чыгышты.

Келерки жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG