Парламенттин профилдик комитетинде “Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканына байланыштуу Ак үй алдында укук коргоочулар митинг өткөрүшүүдө.
Акцияга чыккандардын бири “Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер, регламент комитетинде кворум жок болгонуна карабай депутаттар мыйзам долбоорун карашууда. Мындан башка депутаттар тийиштүү тараптарга алдын ала маалымат бербей, жашыруун күн тартибине маселени алып чыгып жатышканын сындады.
“Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзам долбоору 5-чакырылыштын айрым депутаттары тарабынан демилгеленип, былтыр биринчи окууда кабыл алынган. Бүгүнкү комитеттеги талкуудан кийин ал 14-апрелге Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына чыгарылганы жатат.
Укук коргоочулар эгер аталган мыйзам кабыл алынса Кыргызстан адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айланарын айтып тынчсызданууда. (AzK\SDz)