Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Украина: өкмөт башчы тандоо аягына чыга элек


Өкмөт башчыга талапкер Украина Улук Радасынын төрагасы Володимир Гройсман (солдо), Европа парламентинин жетекчиси Мартин Шульц.
Өкмөт башчыга талапкер Украина Улук Радасынын төрагасы Володимир Гройсман (солдо), Европа парламентинин жетекчиси Мартин Шульц.

Украинада өкмөттү куроо боюнча 11-апрелдеги коалициялык сүйлөшүулөр ийгиликсиз аяктады. “Петро Порошенконун блогу” жана “Элдик фронт” фракциялары премьер-министрликке көрсөтүлгөн парламент спикери Володимир Гройсман менен өкмөт курамы боюнча бир пикирге келе алышпады.

“Петро Порошенко блогу” фракциясынын өкүлү, депутат Мустафа Найем “Украинская правда” гезитине Гройсман бул кызматтан баш тартып жатканын билдирген. Ал өзү коюп жаткан шарттар аткарылбаса, сунушту кабыл албай турганын айткан. Сүйлөшүүлөр бүгүн да уланууда.

Володимир Гройсмандын талапкерлиги "Петро Порошенко блогу“ фракциясынан көрсөтүлгөн. Буга чейин өкмөт башчы болуп келген Арсений Яценюк 10-апрелде кызматтан кетерин жарыялаган. Бирок анын “Элдик фронт” партиясы парламентте “Петро Порошенко блогу” менен көпчүлүк коалицияда каларын айткан.

XS
SM
MD
LG