Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

“Чет элдик тыңчы” мыйзамы 2-окууда өттү


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер комитети бүгүн “Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Комитет төрайымы Галина Скрипкина мыйзам долбоору экинчи окууда эки түзөтүүгө кабылганын билдирди.

- Биринчиден, эл аралык бейөкмөт уюм дегенге так аныктама беришибиз керек, экинчиден, алар ачык өз бюджетин жарыялоосу кажет. Биз тараптан бейөкмөт уюмдардын укугун бузуп жаткан эч кандай берене жок, - деди Скрипкина.

Жыйынтыгында долбоор талкууланбастан комитет мүчөлөрү тарабынан колдоого ээ болду.

Комитеттин отуруму өтүп жаткан учурда Жогорку Кеңеш имаратынын сыртында укук коргоочулар митинг өткөрүп, эгер аталган мыйзам кабыл алынса, Кыргызстан адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айланарын билдиришти. (SDz)

XS
SM
MD
LG