Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Гройсман премьер-министрликке макулдугун бергени кабарланды


Володимир Гройсман.
Володимир Гройсман.

Украина парламентинин спикери Володимир Гройсман өкмөт башчы кызматын аркалоого макул болгонун анын басма сөз катчысы Дмитрий Солярчук Твиттерге жазып, “Өкмөттү куроо боюнча бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө дээрлик бардык турумдар боюнча бир пикир табылды. Ал жаңы өкмөттөгү реформа боюнча макулдашууга жетти”, деп билдирди.

Украинада өкмөттү куроо боюнча 11-апрелдеги коалициялык сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган. “Петро Порошенконун блогу” жана “Элдик фронт” фракциялары премьер-министрликке көрсөтүлгөн парламент спикери Володимир Гройсман менен өкмөт курамы боюнча бир пикирге келе алышпай, сүйлөшүүлөр 12-апрелде улантары кабарланган.

Гройсман министрлер кабинетинде команда топтолбосо, бул кызматка келбей турганын билдирген.

Володимир Гройсмандын талапкерлиги "Петро Порошенко блогу“ фракциясынан көрсөтүлгөн. Буга чейин өкмөт башчы болуп келген Арсений Яценюк 10-апрелде кызматтан кетерин жарыялаган. Бирок анын “Элдик фронт” партиясы парламентте “Петро Порошенко блогу” менен көпчүлүк коалицияда каларын ырастаган.

XS
SM
MD
LG