Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан кеминде 12 адам набыт болду


Ооганстандагы аскерлер түшкөн автобус жардыруудан кийин.
Ооганстандагы аскерлер түшкөн автобус жардыруудан кийин.

Жалалабад шаарындагы аскерлер автобусуна жанкечтинин жардыруусунан чабуулдан кеминде 12 киши мерт кетти. Бул тууралуу Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Давалт Вазири маалымдады.

11-апрель күнкү окуяда үч дөңгөлөктүү мотоцикл айдаган адам жардыргыч зат менен автобуска урунган. Армияга жаңы чакырылган аскерлерди алып бараткан автобус Жалалабаддан Кабулга жол алган эле. Расмий маалыматта 26 киши жабыркаганы айтылганы менен жергиликтүү оорукананын кызматкерлери жараат алган 38 киши түшкөнүн билдиришкен.

Жардырууга жоопкерчиликти “Талибан” тобу өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG