Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

КСДП премьер-министрликке кимдин талапкерлигин көрсөтөрүн фракция жыйынында талкуулайт


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Бул тууралуу бүгүн президент менен жолугушуудан соң КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Социал-демократтар бүгүн фракциянын жыйынын өткөрүп, анда премьер-министрлик кызматка талапкерди көрсөтүү маселеси каралат.

- Биз бүгүн фракциянын жыйынында өкмөт башчылыкка бир талапкерди гана көрсөткөнү жатабыз. Чукул алмашууга байланыштуу өкмөт курамын азырынча карабайбыз.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев коалициялык көпчүлүктүн лидерлери менен жолугуп, кризис жана жазгы талаа иштери кызып турган учурда премьер-министрди тез арада шайлоо керектигин билдирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG