Сирияда Орусиянын аскерий тик учагы жарылып, эки аскер каза тапканын Москванын расмий булактарынан таянып, Reuters жана “Интерфакс” агенттиктери кабарлоодо.
Орусия Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, окуя 12-апрелде Хомс провинциясында болду. Тик учак соккуга кабылган эмес. Учурда кырсык себептери иликтенип жатканы айтылууда. Курман болгон аскерлердин сөөгү орус авиабазасына жеткирилди.