Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Ооган талиптери “жазгы чабуулдар” башталарын жарыялады


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү менен талиптердин кагылышуусу.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү менен талиптердин кагылышуусу.

Ооган талиптери “жазгы чабуулдар” башталары тууралуу 12-апрелде интернетте жарыялап, ал таңкы саат беште күчүнө киргенин билдирди.

ТалиптерАКШ аскерлерине каршы жихад жарыялай тургандыгын жана бул 15 жылдык согуштагы ыйык милдет экенин” белгилешкен.

Алар 2013-жылы набыт болгон лидер Мохаммад Омар молдонун урматына “Операция” аттуу согуштук иш-аракеттер башталарын эскертишүүдө.

Талиптердин жаңы лидери молдо Ахтар Мансурдун келиши менен Ооганстандагы согуш оту кайрадан тутанды. Былтыр анын жетекчилиги алдында Кундуз шаары бир нече күнгө барымтага алынган.

11-апрелде мотоцикл айдаган жанкечти Жалалабад шаарынан Кабулга бараткан аскердик автобусту жардырып, армияга жаңы барган 12 жоокер мерт кеткен. Бир нече сааттан кийин ушундай эле жардыруудан Кабулда дагы эки адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG