Жогорку Кеңештеги КСДП жана “Кыргызстан” фракциялары премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековду бир добуштан колдоду.
Алдыда коалициялык көпчүлүктөгү "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракцияларынын жыйындарында да Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги каралмакчы.
Буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков учурда премьер-министрдин талапкерлигин кароо маселеси гана турганын, өкмөт курамы боюнча азырынча маселе каралбасын билдирген.
Ошондой эле бүгүн президент Алмазбек Атамбаев коалициялык көпчүлүктүн лидерлери менен жолугууда кризис жана жазгы талаа иштери курчуп тургандыктан тез арада премьер-министрди шайлоо керек деген пикирин билдирген. (SDz)