Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Сариев ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын саммитине барбайт


Москвадагы ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жыйыны.
Москвадагы ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жыйыны.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев эртең 13-апрелде Москвада өтө турган Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Москвада өтө турган саммитине барбайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Азырынча курамына Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген уюмга Кыргызстандан ким барары белгисиз.

Буга чейин жыйын 7-8 апрелде Ереванда өтүшү керек эле. Бирок Тоолуу Карабакта абал чыңалганына байланыштуу Казакстандын демилгеси менен жыйынды жылдырып туруу сунушталган. Кийинчерээк саммит Москвада өтөөрү такталган. (SDz)

XS
SM
MD
LG