Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлагандай, быйыл ажылыктын баасы 2600 доллардан айланат.
Ажылыкка катталуу иши 11-апрелден 11-майга чейин жүргүзүлөт. Быйылкы ажыга баруучулар каттоодон өткөндөн кийин электрондук чүчүкулак аркылуу тандалып алынат.
Жалпысынан 34 каттоо пункту иштейт. Ысык-Көл облусунда, Нарын, Талас, Ош жана Бишкек шаарында казыяттарда гана каттоо жүргүзүлөт. Баткен, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында казыяттар менен биргеликте райондордогу муфтияттын өкүлдөрү да тартылат.
Кыргызстанга Сауд Арабиясы ажылык зыяратты аткарууга жылдагыдай эле 3685 орун бөлдү. (SDz)