Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

АКШ Сириядагы жарашуу келишиминин бузулуп жаткандыгына кабатыр


Женевада өтө турган расмий Дамаск менен оппозициянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алдында АКШ Сириядагы зордук-зомбулуктун артып жаткандыгына кабатыр экенин билдирди.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонер ок атууну токтотуунун үзгүлтүккө учурашы боюнча жоопкерчиликти сириялык армияга жүктөдү. Анын айтымында, мамлекеттик катчы Жон Керри телефон аркылуу Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшкөндө бул багыттагы тынчсыздануусун айткан жана Орусия ок атуу режимин токтотууну кубаттай турганына ишеним артарын белгилеген.

Ал арада “Сириядагы режимди өзгөртүүгө багытталган саясий жараяндардын шарты туурасындагы макулдашууга Дамаск даярбы?”- деген күдүк ойлор жаралууда. The Wall Street Journal гезити билдиргендей, бейшемби күнү Женевада өтө турган сүйлөшүүлөргө расмий Дамасктын өкүлдөрү Башар Асадды бийликте сактап калуу үчүн келишет.

XS
SM
MD
LG