Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Эрдоган немис куудулунун үстүнөн даттанды


Бөнерман менен Эрдогандын чыры эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарында да негизги темага айланды.
Бөнерман менен Эрдогандын чыры эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарында да негизги темага айланды.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган немис куудулуна каршы Германия прокуратурасына арыз жолдоду. Түрк лидери аны өзүнүн дарегине айткан сатиралык ыры үчүн айыптоодо.

Белгилүү куудул Ян Бөмерманга каршы арыз тууралуу Майнз шаарынын прокурорлору дүйшөмбүдө билдиришти.

Маалыматка караганда, “Гремми” сыйлыгынын ээси саналган Бөмермандын үстүнөн чет өлкөлүк 20дан ашуун адамдан арыз түшүп, “Чет мамлекет өкүлдөрүн кордоо” беренеси менен иликтөө жүрүп жатат. Прокурорлор Эрдогандын арызы да ага кошулганын белгилешти.

31-март күнү куудул Ян Бөнерман коомдук каналда сатиралык ыр окуп, Эрдоганды “кесипкөй акмак” деп атаган жана жаныбарлар менен да сексуалдык ымалага барат деп элди күлдүргөн.

XS
SM
MD
LG